Категория:Жаңы макалалар
БИОГАЗ ( био...ж-а газ) – микроорганизмдердин орг. заттарынын анаэробдук ажыроосунун натыйжасында пайда болгон газдардын аралашмасы. О. эле, саздын акпай турган суусунун астынан бөлүнгөн газ да Б. деп аталат. 1776-ж. англ. окумуштуу А. Вольт саз газынан метанды тапкан, ошондуктан Б. пайда болуу процесси метандык ачуу же метаногенез деп аталат. Б. алгач Лондондо көчөнү жарык кылуу үчүн пайдаланылган.
Б-дын курамынын 60-65% метан ж-а 25-30% көмүртек диоксиди, о. эле суутек, көмүртек оксиди, азот, кычкылтек, күкүрттүү суутектен турат. Б-дын күйүү жылуулугу 21-34 МДж\м3. Метандын ачуу процесси: субстраттардын ( целлюлоза, крахмал, белоктор ж.б-дын) ээрүү ж-а деполимерленүү; субстраттардын төмөнкү молекулалуу май к-тасына (ацетогенез) ж-а эриткичтер–этанол, пропанол, бутанол, ацетонго айлануусу (сольватогенез); ацетат-иондун декарбоксилденүү ж-а көмүртек диоксидинин метанды пайда кылуу м-н калыбына келүүсү (метаногенез) жүрөт. Ацетогенез ж-а солватогенез бактериялардын, метаногенез архидеялардын жардамы м-н жүрөт. Ачуу 30-400Сде мезофилдик ж-а 50-700 Сде термофилдик микроорганзмдердин ассоциациясы м-н ишке ашырылат. Көмүртек субстарттарынын метанга айлануусу (конверсиясы) 30-35%ти түзөт. Ачуудан кийинки катуу калдык (8–10%) жакшы азот жер семирткичи катары пайдаланылат.Метантенк деп аталган аппарат метандык ачууну ишке ашырат. Эӊ жөнөкөй, 3-10 м3 көлөмдүү метантенк бетон чан деп аталат. Б. – альтернативдик, экологиялык жактан таза болгондуктан жылуулук электр станциясында, транспортто ж. б.; о. эле хим. өнөр жайда сырье катары пайдаланылат. (китептеги макала алмашат).
"Жаңы макалалар" категориясындагы барактар
Бул категорияда жалпы 115, төмөнкү 115 барак бар.
Б
- БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович
- БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович
- БАКАЕВ Аширбек Бешкемпирович
- БАКТЕРИОЗДОР
- БАКУ КОММУНАСЫ
- БАЛАСАГЫН
- БАНГЛАДЕШ мамлекетинин тарыхына кошумча.
- БАНДИКУТТАР
- БАРБАДОС.
- БАТУН ПИЯЗЫ
- БАТЫШ БЛОГУ
- Бахрейн
- Башкы бет
- БЕГАЛИЕВ Канат
- БЕЙСЕБАЕВ
- БЕЙШЕКЕЕВ Намасбек
- БЕЙШЕНАЛИЕВ Алмазбек
- БЕКБОЕВ Аскарбек
- БЕКТЕРБЕГИ
- БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ
- БЕЛОЦКИЙ Морис Львович
- БЕЛУЖИСТАН
- БЕЛЬГИЯНЫН тарыхына кошумча.
- БЕРНШТЕЙН
- БИКБУЛАТОВА Аниса Рифовна
- БИОГАЗ
- Бириккен Араб Эмирликтеринин тарыхына кошумча.
- БИХАР
- БИЯНХУ
- БЛИЦКРИГ
- БЛЭР Энтони
- БОЛГАРИЯНЫН тарыхына кошумча.
- БОЛИВИЯ МАМЛЕКЕТИНИН тарыхына кошумча
- БОТСВАНА
- БРУНЕЙ.
- БУКАЛАЕВ Камчыбек Искакович
- БУРАНА мунарасы