ГОМУЛКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ГОМУЛКА Владислав (6. 2. 1905, Бялобжеги, Кросно шаарына жакын, Галиция жана Лодомерия королдугу, Австро-Венгрия  – 1. 9. 1982, Варшава, ПЭР) – польшалык мамлекеттик жана саясий ишмер. Польша жумушчу партиясы (ПЖП) БКнын Генералдык секретары (1943–48), Польша Бириккен жумушчу партиясы (ПБЖП) БКнын 1-секретары (1956–70). 1926-жылдан Польша КПнын мүчөсү. 1932–34-жылдары коммунисттик ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган. 1934–35-жылдары Москвадагы Ленин мектебинде окуган. 1936–39-жылдары кайрадан Польшада камакта. 1939–41-жылдары СССРде жашаган. 1941-жылдан ВКП (б) нын мүчөсү. 1942-жылы польшалык каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Польша Жумушчу партиясын (ПЖП) түзүүчүлөрдөн. 1942-жылдан ПЖП БКнын мүчөсү. 1943–48-жылдары ПЖП БКнын Генералдык секретары. 1944-жылы июлдан Польша Улуттук боштондук комитетинин мүчөсү. 1944-жылы декабрдан кайтарылган аймактар ​​боюнча министр жана вице-премьер-министр. 1948-жылы 3-сентябрда Гомулка "оңчул улутчулдуктан четтеп кетти" деп айыпталып, ПЖПнын Генералдык секретары кызматынан алынган. 1951–54-жылдары түрмөдө отурган. 1956-жылы августта анын партиялуулугу калыбына келтирилип, ПЖП БКнын 8-пленумунда ПБЖП БКнын 1-секретары жана саясий бюро мүчөсү болуп шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзгөн. 1970-жылы азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө нааразы болгон массалык толкундоолордун натыйжасында отставкага кетүүгө аргасыз болгон.