ДЕКА
Jump to navigation
Jump to search
ДЕКА (немисче decke – капкак) – чертме, тартма музыкалык аспаптардын чараларына ар кандай үлгүдө жасалып жабылган (капкакталган) жука тактайча. Ал аспаптардын добуштарын күчөтүүчү жана добуш толкундарын жаңыртуучу милдетти аткарат. Капкак арчадан, өрүктөн, жыгачтан жана башкалардан жасалат. Кыргыздын кыл кыягы, өзбектин, тажиктин гиджагы жана башкалар тери менен капкакталган. Комуз, скрипка, гитаранын капкактары карагай, арча жана башка жыгачтардан жасалат.