Бахрейн

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

Бахрейн – Араб мамлекеттеринин лигасы жана Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мүчөсү; ал Сауд Аравиясы жана АКШ менен тыгыз кызматташат. 1949-жылдан Перс булуңун кайтаруу менен алектенген АКШнын 5-деңиз флотунун базасы Бахрейнде жайгашкан. 2002-ж. «Бахрейн мамлекетинин» расмий аталышы «Бахрейн королдугу» деп өзгөртүлүп, эмир Хамад ибн Иса Аль-Халифа (1999-жылдан тактыда) корол деп жарыяланган.