БАНГЛАДЕШ мамлекетинин тарыхына кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

Анын демилгеси менен 1972-ж. Б-те социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, анда экономиканын негизги тармактарын улутташтыруу, мамлекеттик секторду өнүктүрүү жана агрардык реформа программалары камтылган. Жер реформасы жүргүзүлүп, 10 млн качкындын көйгөйү чечилген. Жаңы армия түзүлүп, ачкачылык алдын алынган. Өлкөгө баштапкы билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. социалдык маселелерди чечүү боюнча атайын программалар кабыл алынган. Ошондй эле ислам топторунун талабы боюнча спирт ичимдиктерине жана кумар оюндарына тыюу салынган. 1972-жылдын аягында өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, көп партиялуу система (30дан ашуун саясий партия катышкан) орногон.
1974-ж. жайында өлкөдө болгон суу ташкыны түшүмдүн 80%тин жууп кетип, массалык ачкачылыкка алып келген. Суу ташкынынан 2000 адам өлүп, миллиондогон адамдар жабыркаган. Мунайдын дүйнөлүк баасынын кескин жогорулашынан өлкөдө инфляция күчөгөн. 1975-жылдын аягында өкмөт кулатылып, Муджибур Рахман өлтүрүлгөн. 1976-ж. ноябрда бийлик армияга биротоло өтүп, 1977-ж. апрелде генерал Зияур Рахман өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1978-ж. сентябрда З. Рахман башында турган Б. улутчул партиясы түзүлгөн. Муджибур Рахмандын кызы Хасина Вазед жетектеген Авами лигасы партиясы З. Рахмандын режимин кулатуу үчүн күрөшү күчөгөн. 1990-ж. студенттердин демонстрациясы менен оппозициянын кысымынан генерал Эршаддын аскердик өкүлдөрү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 1991-ж. февралда өткөн шайлоодо президент Рахмандын жесири Халеда Зия Рахман баштаган Б. улутчул партиясы жеңишке ээ болгон. 1991-жылы августта парламенттик башкаруу системасын киргизген. 1996-жылдын июнь айында болгон жаңы шайлоолор Авами лигасын бийликке алып келген. Муджибур Рахмандын солчул-центристтик саясий принциптерин туруктуу колдогон Хасина Вазед 2008-ж. кайрадан жеңишке жетип, бийликке келген. Ал 2014-ж-дагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, өз бийлигин улантууда.