БАКТЕРИОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАКТЕРИОЗДОР (өсүмдүктөрдүн бактериялык илдети)  – өсүмдүктөрдүн бактериялар пайда кылуучу илдети.  Б. бардык жерде таралган,  а. ч. өсүмдүктөрүнүн  сапатын ж-а санын азайтат.  Б. айрыкча картошка, капуста, бадыраң  ж. б-га  абдан зыяндуу. Б. диффузиялык ж-а системалык болуп,    бүтүндөй өсүмдүктү же алардын   айрым бөлүктөрүн  (капустанын түтүктүү  Б-у,  картошканын шакекче  чириги ж.б.), ж-а жергиликтүү, же локалдуу болуп, өсүмдүктүн  айрым бөлүктөрүн ( бадыраңдын ж-а коондун Б-у, жашылчалардын нымдуу чириги ж.б.)  жабыркатат.  Б.  өсүмдүктүн паренхима тканында (темгилдер, чириктер, күйүктөр), өсүмдүктөрдүн түтүкчө  системасында (солуу)  же аралаш мүнөздө    (картошканын тегерек чириги) ж. б.)  болот.   Бактериялар көбүнчө  жабыркаган органдарда шишиктерди ж-а өсүндүлөрдү пайда кылат. Бактериялардын 100дөн ашык  түрү өсүмдүктө  мителик кылууга жөндөмдүү.  Б-дун пайда болушу ж-а өөрчүшү   өсүмдүктүн кабыл алгычтыгына жараша болот.  Көпчүлүк патогендик  бактериялар аэробдуу болуп эсептелет. Алар    аба өтө нымдуу  учурда ж-а 25-300 Сде  жакшы өөрчүйт. Бактериялар өсүмдүккө  табигый тешиктер (үт  ж.б.)   же жабыркаган ткандар аркылуу кирет.  Алар өтө майда болгондуктан  түтүкчөлөр м-н бүтүндөй өсүмдүккө тарайт.  Б-дун козгогучтары өсүмдүктөн өсүмдүккө  аба агымы,  суу (негизинен жаанда), курт-кумурскалар, нематодалар, куштар, булганган шаймандар   аркылуу тарайт.  Күрөшүү чаралары:  илдетке туруктуу сортторду эгүү,  коротуштуруп эгүү,  үрөндү ууландыруу, үрөндү абада ысытуу, топуракты зыянсыздандыруу, калемчелерди, инвентарларды дезинфекциялоо, илдеттүү бутактарды бутап салуу, өсүмдүктөрдү  жакшы азыктандыруу ж-а  суу м-н камсыз кылуу, топуракты тоңдурма   айдоо керек.