БОЛИВИЯ МАМЛЕКЕТИНИН тарыхына кошумча

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

2005-ж. Меса кызматтан кетип, жалпы шайлоодо солчул синдикалист Эво Моралес Айма бийликке келген. Ал Боливиянын тарыхында өлкөнүн президенттик кызматын ээлеген биринчи индеец болгон. Боливияда демократиялык жана маданий революция башталып, саясий үстөмдүккө солчул радикалдык индеецтер, синдикалисттер жана "Социализмге карай кыймыл" партиясы ээ болгон. 2006-ж. Моралес өкмөтү мунай жана газ тармагын улутташтырган. 2009-ж. референдумда жаңы Конституция кабыл алынган. Жаңы конституцияга ылайык мамлекет экономиканын негизги тармактарын көзөмөлгө алып, газ ж. б. жаратылыш байлыктары улутташтырылган. Ошондой эле католик дини мамлекттик дин статусунан ажырап, өлкөнүн түпкүлүктүү калкы - индейлердин укуктарын кеңейткен. Испан тилинен тышкары өлкөдөгү индей элдеринин тилдери расмий тил деп жарыяланган. Индей жамааттары өлкөнүн аймактары катары мыйзамдаштырылган. Азыркы учурда Колумбия жана Перу менен катар Боливия дүйнөлүк рынокко негизги кокаин ташуучу болуп эсептелет. БУУнун маалыматы боюнча өлкөдө кокаин плантацияларынын аянты 23 миң гектардан ашык. 2019-ж. шайлоодо Эво Моралес кызматтан кетип, 2020-ж. Боливиядагы жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен бийликке Луис Арсе келген.