АГАЧ КУМУЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГАЧ КУМУЗ – дагестандыктарга кеңири тараган чертме үч кылдуу байыркы музыкалык аспап. Өрүктөн жана башка жыгачтардан чабылат. Аварлардын, даргиндердин, кумыктардын арасында кылдарынын саны, ладдары жагынан айырмаланган Агач комуздун түрлөрү да кезигет. Агач комуздун өркүндөтүлгөн прима, альт, бас түрлөрү эл аспаптар оркестринде ойнолот. Агач комуздун коштоосунда ырчылар ырларын ырдашат. дастанчылар дастандарын айтышат.