ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
ГЕНУЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) – экономика жанa финансы маселелери боюнча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя шаарында (Италия) өтүп, ага 29 өлкө катышкан. РСФСР делегациясынын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. РСФСР делегациясынын курамына Л. Б. Красин, М. М. Литвинов, В. В. Воровский, Я. Э. Рудзутак, А. А. Иоффе ж. б. кирген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык советтик республикалардын (Азербайжан, Армения, Белоруссия, Бухара ж. б.) таламдарын жактаган. Конференция Улуу Британиянын демилгеси менен чакырылган. АКШ Генуя конференциясынын ишине катышуудан баш тарткан. Генуя конференциясына катышкан Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү арасында Д. Ллойд Джордж, Дж. Н. Керзон (Великобритания), К. Й. Вирт, В. Ратенау (Германия), Л. Факта (Италия), Л. Барту, К. Баррер (Франция) ж. б. активдүү роль ойногон. Генуя конференциясынын расмий максаты Борбордук жанa Чыгыш Европанын экономикасын калыбына келтирүү эле, бирок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий жанa экономикалык жактан Совет өлкөсүнө кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу менен» капитализмди кайра орнотууну көздөгөн. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык жанa Убактылуу өкмөттөрүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптарды койгон. Бирок советтик делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү боюнча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция жанa блокада Совет мамлекетине канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Советтик дипломатия Генуя конференциясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия менен Рапалл келишимин түзгөн.