АРАЛАШ ЧЕРТМЕ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛАШ ЧЕРТМЕ – комузчулар күүлөрдү, обондорду чертүүдө пайдалануучу ыкмалардын бири. Аралаш чертмеге бардык манжалар катышат да, бир эле мезгилде «кол ойнотмо», «терип чертме», «чымчып чертме» өңдүу бир нече ыкмалар колдонулат. Аралаш чертмеде күү же обон мукамдуу, уккулуктуу келип, түркүн кайрыктарга, үндөшүүлөргө бай болот.