БЕЛЬГИЯНЫН тарыхына кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

1940–44-ж. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немецтер Б-ны басып алышкан. Өкмөт Англияга качып кетет, падыша Леопольд III Германияга сүргүнгө айдалган, ал 1940-ж. 28-майда Багынып берүү жөнүндө актыга кол койгон. 1944-ж. 3-сентябрда Брюссель англия аскерлери тарабынан бошотулган. 1945-ж. королдук бийликтин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлүп, 1940-ж. Багынып берүү жөнүндө актыга кол койгондугуна байланыштуу король Леопольд IIIнү өлкөнүн тургундары айыпташкан. Натыйжада, королдук такты Леопольд IIIнүн уулу Бодуэнге (1993-ж. король Бодуэн көз жумган соң, анын иниси Альберт II такты мураска ээ болгон) өткөн. 1949-ж. Бельгия НАТОго, 1957-ж. Бельгия Европа эконономикалык шериктештигине (ЕЭС) кошулган. 1967-ж. НАТОнун баш кеңсеси Бельгияга көчүп келген.
1960-жылдардын башында «улуттук-лингвистикалык» карама-каршылыктардын курчушу этностор аралык жаңжалга айланып, мамлекеттин кыйрап калуу коркунучун туудурган. Кырдаалдын олуттуулугунан улам Бельгиянын башкаруучу чөйрөлөрү өлкөнү унитардык мамлекеттен федералдык мамлекетке айландырууга багытталган реформаларды баштоого аргасыз болгон. 1963-ж. августта француз, фламанд жана немец тилдеринин жайылышынын чектерин кайра карап чыгуу блюнча мыйзам кабыл алынып, Брюссель шаарынын атайын (эки тилде) макамы бекитилген. 1970-ж. декабрда мамлекттик реформа башталган, анын максаты Бельгия мамлекетинин жаңы субъектилерин түзүү жана аларга кеңири маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү болгон. 1988-ж. ал конституциялык реформа менен толукталган. Бельгияны мамлекеттик кайра куруу процесси 1994-ж. февралда, король Альберт II тарабынан Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлушу менен аяктаган. Бельния федералдык мамлекетке айланып, төрт лингвистикалык (тилдик) облуска (фламанд, валлон, немец жана эки тилдүү Брюссель) бөлүнгөн, анда эки типтеги федералдык субъекттер – экономикалык региондор (фламанд, валлон жана брюссель) жана этникалык жамааттар (фламанд, француз жана немец тилдүү) параллелдүү иштеген. Ошондой эле эле өкмөттү түзүү процессинде ар кандай лингвистикалык топтордун тең укуктуулук принциби орнотулган. Региондор жана жамааттар өздөрүнүн мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик органдарын түзүү укугуна жана экономикалык, маданият, билим берүү ж. б. маселелерде автономияга ээ болушкан. 1970–90-ж-дагы реформалар Бельгияны негизинен консолидациялоого мүмкүндүк берген.
2003-ж. Бельгия бир жыныстагы никени мыйзамдаштырган дүйнөдөгү экинчи мамлекет болуп калды (Нидерландыдан кийин). 2006-ж. Бельгия - Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы. 2008-ж. Бельгиянын премьер-министри Ив Летерм ири бельгиялык «Fortis» финансы компаниясынын сатылышына байланыштуу ызы-чуудан улам кызматтан кетип, анын ордун фландриялык христиан-демократия партиясынын лидери Херман ван Ромпёй ээлеген. Херман ван Ромпёйдин жаңы өкмөтүнө мурунку президент жетектеген, ошол эле беш саясий партиянын өкүлдөрү кирген. 2010-жылы кезексиз парламенттик шайлоо болуп, бирок өкмөт түзүлгөн эмес. Бельгия өкмөтсүз 540 күндү белгилеп, ошону менен дүйнөлүк рекорд койгон. 2011-ж. Элио ди Рупо башында турган жаңы министрлер кабинети королго ант берген. 2012-жылдын октябрь айында Бельгияда региондук шайлоо өткөрүлүп, радикалдык маанайдын өсүшүн көрсөткөн. 2013-ж. король Альберт II тактыдан баш тартып, анын уулу Филипп тактыга отурган. 2014-ж. мамлекеттик реформаларды жүргүзүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык аймактарды каржылоо тутумуна өзгөртүүлөр киргизилген. 2015-ж. өсүп жаткан террордук коркунучтардан улам Бельгияда коопсуздукту күчөтүү чаралары киргизилген. 2019-ж. Бельгиянын федеративдик өкмөтүнүн тарыхында биринчи аял премьер-министр С. Вилмес шайланган. 2019–20 жылдардагы COVID-19 пандемиясы учурунда Вильмес өкмөтү оппозициянын колдоосуна ээ болуп, санитардык кризистен чыгуу үчүн федералдык деңгээлде атайын ыйгарым укуктарга ээ болгон. 2020-ж. 17-мартта Вильмес өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын король Филипп бекиткен.