ЗЕЛА́НДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(нидерландча – деңиз өлкөсү) – тарыхый облус, Нидерланддын түш.-батышындагы провинция. Адм. борбору – Мидделбург ш. 8-к-дын 1-жарымынан Франк мамлекетинин, 870-жылдан Чыгыш Франк королдугунун курамына кирген. 11–13-кылымдарда Голландия жана Фландрия графтарына таандык.1433–77-ж-дары З. Бургундия герцогдорунун, 1477-жылдан (акыры 1482-ж.) Габсбургдардын (1556-жылдан испаниялык Габсбургдар) карамагында болгон. 17–18-к-дарда Нидерланд негизги дан өндүрүүчү аймак, кеме куруунун борбору, Голландия менен катар Нидерланд Ост-Инд компаниясынын ири акционери. 1795-жылдын январынан З. департамент катары Батавия республикасына, андан кийин 1806–10-ж-дары Голландия королдугуна караган. 1810–14-ж-дары З-нын бардык аймагы Франция империясынын курамына кирген. 1815-ж. З-нын континенталдык жана изолярдык бөлүктөрү Нидерланд королдугунун З. провинциясына бириккен. 776