ЗАНЗИБАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

тарыхый облус, Занзибар а-ндагы султанат. 8-к-дан З. деңиз соодасына катышып, жерг. калктын – бантулардын исламдашуусуна салым кошкон. 9-к-дан кул соодасынын ири борбору катары белгилүү болгон. 1503-жылдан Португалия башкарган, 1698-ж. Оман султандыгынын курамына кирген. 1861-ж. көз карандысыз султанатка айланган. 1906-жылдан Британиянын Башкы консулу башкарган, 1913-жылдан британдык резидент. 1897-ж. З-да кулчулук жоюлган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин З-да көз карандысыздык үчүн кыймыл башталган. Арабдардын кызыкчылыгын коргогон З. улутчул партиясы жана Африка калкына султандыктын башын бириктирген Афро-ширази партиясы ж. б. саясий уюмдар пайда болгон. 1963-жылы 10-декабрда З. Британиянын Улуттук шериктештигинин курамында эгемендик алган (к. Шериктештик). 1964-ж. январда З-дагы африкалык калктын иш-аракеттеринин натыйжасында Араб султандыгы жоюлуп, республика жарыяланган. 1964-ж. апрелде Танганьика менен З. федерациясы, кийин Танганьика жана З. Бириккен республикасы, 1964-ж. октябрда Бириккен Танзания республикасы деп аталган. 930