ДВИНА ЖЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДВИНА ЖЕРИ– тарыхый облус. Түндүк Двина жана Онега дарыяларынын жээгинде жайгашкан. 11–14-кылымдарда Заволочье, Заволоцкая Чудь деп аталган. 11-кылымдан Новгороддун карамагында. 12-кылымдан Новгород республикасы. 1397–98-жылдары Улуу Москва князы Василий I Дмитриевич басып алган. 1398–1478-жылдары кайрадан Новгород республикасынын көзөмөлүндө. 1478-жылы Улуу Новгород кулаган соң, Двина жеринин аймагы расмий түрдө Орус мамлекетинин курамына кирген жана Двина уездин түзгөн. Двина жеринде новгороддук боярлардын жерлери конфискацияланып, мамлекетке өткөн. Айыл калкы дыйканчылык, балык уулоочулук менен алектенип, териси баалуу айбанаттарга аңчылык кылышкан.