ГОТВАЛЬД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ГОТВАЛЬД Клемент (23. 11. 1896, Австро-Венгрия, Вишау – 14. 3. 1953, Прага) – чехословакиялык революционер, мамлекеттик, саясий жана партиялык ишмер. Чехословакия Коммунисттик партиясынын лидери, Чехословакиянын премьер-министри жана Президенти. Биринчи дүйнөлүк согушта Австро-Венгрия армиясынын катарында кызмат өтөгөн. 1918-жылы Чехословакия түзүлгөндөн кийин, Социал-демократиялык партиясынын сол канатынын лидери. 1921-жылы Готвальддын тобу Чехословакия Коммунисттик партиясына кошулуп, өзү словакиялык партиянын «Элдин үнү», андан кийин «Правда» гезиттеринин редактору болуп иштеген. 1925-жылдан Чехословакия КП БКнын саясий бюросунун мүчөсү. 1926–29-жылдары Чехословакия КП БКнын саясий жана пропагандалык комитетинин башчысы, 1929-жылдан Чехословакия КП БКнын Генералдык секретары, 1929–48-жылдары Чехословакия Парламентинин депутаты, 1935–43-жылдары Коминтерндин секретары. 1938-жылы фашисттер Чехословакияны бөлүп алгандан кийин, СССРге эмиграцияланган. 1939–45-жылдары Чех коммунисттик каршылык көрсөтүү кыймылынын лидерлеринин бири (Москвада). 1943-жылы Чехословакиянын эмиграциялык өкмөтүнүн башчысы Э. Бенеш Москвага келгенде, Готвальд менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөн. 1945–53-жылдары Чехословакия КПнын төрагасы, 1945–46-жылдары вице премьер-министр, 1946–48-жылдары Чехословакия өкмөтүнүн премьер-министри (Улуттук фронттун өкмөтү), 1948–53-жылдары Чехословакия Президенти болуп иштеген.