ДУДУК үйлөмө музыкалык аспап

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДУДУК, дудуки – кавказ элдерине (өзгөчө грузин, армяндардын арасына) кеңири тараган кош чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспап. Узундугу 300 миллиметр, капталында 9 көзөнөгү бар. Адатта дудук ойнолгондо, бир аткаруучу чыгарманын обонун, экинчиси такай бир добушту ойнойт. Дэф; награ катышкан ансамблде ойнолот. Ал эми грузиндердин мамлекеттик ыр жана бий ансамблиндеги оркестрдик топто башкы үйлөмө аспап катары милдет аткарат.