ГЛИССАНДО
Jump to navigation
Jump to search
ГЛИССАНДО (французча glisser - сыйгалануу) – кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жеңил жана өтө тез, манжаларды сыдыра сыйгалантып ойноо ыкмасы. Алсак, арфанын, скрипканын кылдарын фортепьянонун клавишаларын өтө ыкчам манжалар жүгүртүлүп аткарылат. Кыргыз комузчулардын чыгармачылыктарында глиссандрода ойноо күчтүү өнүккөн. Мисалы, Ныязаалы, Токтогул, Атай жана башкалар глиссандо ыкмасын алып чертишкен.