БАТЫШ БЛОГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАТЫШ БЛОГУ, Б а т ы ш с о ю з у – Англия, Франция, Бельгия, Голландия жана Люксембургдун аскердик-саясий уюму. 1948-жылдын 17-мартында Брюссель келишимине ылайык 50 жылга түзүлгөн (1948-жылы 25-августта күчүнө кирген). СССРге жана элдик демократия өлкөлөрүнө каршы багытталган. Келишимде Германия тараптан жаңы агрессия болгон учурда Батыш блогунун катышуучулары биргелешкен чараларды көрүүгө даяр экендиги камтылган. 1949-жылы түзүлгөн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Батыш блогунун негизи болгон. Батыш блогунун катышуучулары НАТОго мүчө болгон. 1950-жылдан НАТОну АКШ жетектейт. Батыш блогу 1955-жылдын майынан уюмга ФРГ менен Италиянын кошулуусу менен Батыш Европа союзу түзүлгөн.