А КАПЕЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

А КАПЕЛЛА (итальянча a cappella — кичинекей чиркөө) — аспап коштоосуз аткарылуучу көп үндүү вокалдык чыгарма. А капелланын көптөгөн үлгүлөрү жазылган. Кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилердеи болуп А капелланын хорун М. Абдраев, Ч. Жумаканов, М.Раухвергер жана башкалар жазышкан.