БАНДИКУТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАНДИКУТТАР, б а ш т ы к ч а н к а ш к у л а к (Peramelidaе) – баштыкчандар тукуму, башка классификация бонча түркүм. Дене узундугу 17-50 см, куйругу6-26 см, салмагы 4,7 кг. Шиш тумшугу узун. Түгү же узун ж-а жумшак же кыска ж-а катуу. Жону боз, боз-көгүш; саргыч, кызгылт же кара-күрөң; жонунун арт жагында кочкул чийими бар; боору агыш, боз же саргыч. Алдыңкы кыска бутунун экинчи, үчүнчү ж-а төртүнчү, чоң тырмактуу манжалары биринчи ж-а бешинчи манжаларынан узун. Арткы бутунун экинчи ж-а үчүнчү манжалары биригип өскөн (синдактилия), тырмактары гана бирикпеген. Бириккен манжалары терисин тазалоодо пайдаланылат. Баштыкчандардын ичинен жалгыз бандикуттар чөптүү жаныбар болуп саналт. Бандикуттардын 7 уруусу, 17 түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинеяда ж-а ага жанаша аралдарда таралган. Калың чөптүү талааларда, өзөн жээктеринде ж-а сазда, бадалдуу ж-а токойлуу жерлерде кезигет. Өтө сак ж-а түнкү жаныбар. Жер бетинде жашайт. Майда жаныбарлар ж-а өсүмдүктөр, көбү курт-кумурскалар м-н азыктанат. Жылына бир жолу 2-8 чөндөлөй тууйт. 10 жылга чейин жашайт. Бандикуттардын 7 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган ( сүрөтү – БРЭ, 2-том, 751-бет).