ВЕНЕСУЭЛАГА кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

2009-жылы Венесуэлада өткөн референдумда өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр кирген. Уго Чавес «венесуэлалык социализмди» куруу, жакырчылыкка, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сабатсыздыкты жоюу ж. б. ишке ашыруу үчүн күрөшкөн. Ал өлкөдө антиамерикалык риторикага таянып, өлкөнүн ички саясатын (анын ичинде экономикалык саясат) социалисттик нукка ылайык жүргүзгөн. АКШ Венесуэланын негизги соода өнөктөшү болуп калган. 2013-жылы Уго Чавес көз жумган соң, өлкөнүн президенттигине Николас Мадуро шайланган. 2013-жылы өлкөнүн экономикасы оор кырдаалда турган жана аны негизинен республиканын экспорттун негизги өнүмү болгон мунайга болгон дүйнөлүк баалар көтөрүп турган. Н. Мадуронун бийликке келишинин алдында (2013-жылдын башында) Венесуэланын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 70%ин түзүп, бюджеттин тартыштыгы 13%ке жеткен. 2013-жылдын аягында өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 1,6% ке өскөнү менен инфляция жогору (56,3%) бойдон калган. Мадуро парламенттен ыйгарым укуктарды алып, "экономикалык чабуул" жарыялаган, башкача айтканда, жеке компаниялардын кирешесинин 30%тик чегин киргизген. Өлкөдө кант, өсүмдүк майы жана даарат кагазы сыяктуу негизги товарлардын тартыштыгы пайда болгон. Ушул учурда Венесуэла өкмөтү коррупция, диверсия жана спекуляция, ошондой эле өлкөгө каршы жүргүзүлүп жаткан "экономикалык согуш" көйгөйлөрдүн келип чыгышына себеп болуп жатат деп ырастаган. Өкмөт "алып-сатарлыкка" каршы күрөшүү программасын ишке ашыра баштаган, же 26-ноябрда бааларды төмөндөтүүдөн баш тарткандыгы үчүн «Daka» соода тармагы улутташтырылган, 30%тик чек менен айрым товарлар сатып алуу баасынан 1000%ке көтөрүлүп кеткен. Товарлар конфискациялангандан кийин соода тармагынын жетекчилиги камакка алынган. 2014-жылы өлкөнүн экономикасына дагы бир сокку урулган: мунай заттын дүйнөлүк баалары кескин түшүп кеткен. Натыйжада, мунай зат экспорттоодон өкмөттүн кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирине кыскарган. Борбордук банк бюджеттин тартыштыгын эмиссиянын эсебинен жабууга аракет кылган, натыйжада 2015-жылдын сентябрь айында инфляция өскөн. Инфляцияны ооздуктоого аракет кылып, өкмөт валютаны алмаштыруунун татаал тутумун киргизген, натыйжада доллардын “расмий курсу” базардагыдан 100 эсе жогору болгон. Мадуро өкмөтүнүн чавизм идеологиясын карманып, азык-түлүк бааларын административдик жол менен чектеши азык-түлүк продуктыларынын жалпы жетишсиздигине алып келген. 2016-жылы Эл аралык валюта фондусу ж. б. уюмдардын маалыматы боюнча ички дүң продукция (ИДП) 18%ке төмөндөп, инфляция 550%ке өскөн, жумушсуздук – 21%, бюджеттин тартыштыгы – ИДПнын 17%ин түзүп, тышкы карыз 130 миллиард доллардан ашкан. Өлкө дефолт (банкрот) босогосуна туш келген. Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүнө ылайык, Венесуэлада инфляциянын деңгээли 2018-жылдын аягында 1 000 000% ке жеткен. Венесуэлада экономикалык кризистин негизги себептерин структуралык жана саясий факторлор, анын ичинде импортко болгон жогорку көз карандылык, мунай затына дүйнөлүк баанын төмөндөшү, ошондой эле азык-түлүктү өндүрүүгө жана бөлүштүрүүгө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү деп эсептешет. Венесуэлада 2014-жылдан баштап эле Н. Мадуронун саясатына каршы демонстрациялар жана нааразычылык акциялары башталган. Мадуро демонстрацияларга тыюу салып, демонстранттарды "фашисттик бандалар" деп атаган. 2016-жылдын 2-майында оппозиция өкүлдөрү президент Мадурону бийликтен кетирүү үчүн референдум өткөрүүнү өтүнүшүп, бийликке кайрылышкан. 11-июнда Венесуэланын Президенти Н. Мадуро "референдумду уюштурууга убакыт жоктугуна" байланыштуу кызматтан кетүү боюнча референдум өтпөй тургандыгын жарыялаган. 2017-жылы 30-июлда Мадуронун жарлыгына ылайык, Улуттук Ассамблеяга шайлоо болуп өткөн. Шайлоонун жүрүшү жана анын жыйынтыгы өлкө ичинде, эл аралык аренада нааразычылыктар менен коштолгон. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2018-жылдын 20-майында өттү. Оппозиция шайлоону бойкот кылып, экинчисин бурмалоо деп атады. Шайлоодо Н. Мадуро жеңип чыккан. Шайлоо Батыш өлкөлөрүндө жана Латын Америкасында нааразычылыктарды жаратты. Аргентина, Бразилия жана Канада баш болгон он төрт өлкө Каракастагы элчилерин шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирүү үчүн чакыртып алышкан. Ушул эле себептен АКШ Венесуэлага кошумча экономикалык санкцияларды киргизген. АКШнын Президенти Дональд Трамп жаңы шайлоолорду өткөрүп, Венесуэлада репрессияларды токтотууга үндөгөн. Россиянын Президенти В. Путин Н. Мадурону кайрадан шайланышы менен куттуктап, ага өлкөнүн социалдык жана экономикалык маселелерин чечүүдө ийгиликтерди каалаган. Шайлоонун жыйынтыгын Россиядан тышкары Сальвадор, Куба жана Кытай мамлекеттери тааныган. 2019-жылдын январь айында узакка созулган саясий кризис кескин курчуп кеткен. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Хуан Гуайдо Н. Мадуронун экинчи президенттик мөөнөткө инаугурациясынан кийин башталган миңдеген нааразычылыктардын фонунда өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялады. Н. Мадуро кызмат мөөнөтү 2025-жылы аяктаганга чейин иштей тургандыгын жарыялаган. Венесуэлада курчуп бараткан тирешүү дүйнө коомчулугунун поляризацияланышын шарттаган. Венесуэла Колумбия менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.