ЖАЗ музыка өнөрү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖАЗ (англисче jazz) – профессионал музыка өнөрүнүн түрү. Жаз музыкасынын типтүү формалары: фокстрот, блюз, уанстеп, чарлстон, танго, румба, бушвуш, рок-н-ролл жана башка. Жазды Америка Кошмо Штаттарынын негрлери европалык жана африка музыкалык элементтерин айкалыштырып, XIX кылымдын акырында чыгара баштаган. Негизги очогу – Нью-Орлеан шаары Л. Армстронг, К. Оливер, Ж. Доде жана башкалар негиздөөчү катары эсептелген. Андан кийин саксофон, труба, тромбон тобундагы үйлөмө аспаптардан турган свинг стили пайда болот. Көрүнүктүү өкүлдөрү: Д. Эллингтон, Ф. Хендерсон, Г. Шуллер, Д. Эванс, Ч. Ллойд жана башкалар. XX кылымдын 20-жылдары жаз Америка Кошмо Штаттарынан башка өлкөлөргө тарай баштайт. Бирок өз алдынча нагыз коллективдер 1940–1950-жылдары гана уюшулат. Буга Ж. Данкворт (Англия), М. Легран (Франция), К. Влах жана Р. Бром (Чехословакия), К. Комеда (Польша) жана башкалардын оркестрлери мисал. СССРде В. Парнах. А. Цфасман, В. Лансберг, Л. Теплицкий жетектеген жамааттар жаз музыкасынын баштоочулары катары таанымал болушкан. 1929-жылы Л. О. Утёсов жетектеген Мамлекеттик эстрадалык оркестр жаз стилинин калыптанышында чоң роль ойногон. 1930-жылдары Н. Варламовдун, Я. Скоморовскийдин, Э. Рознелдин, 1950-жылдары А. Товмасян, Н. Громин, А. Зубов жана башка ансамблдер жаз музыкасына кыйла салым кошкон. Ыкчам интонациядагы көп пландуу ритмге, аткаруучулук эмоцияга бай жаз ыкмасында И. Дунаевский, К. Караев, Р. Щедрин, М. Кажлаев, А. Петров жана башкалар бир нече ыр, бий музыкасын жазган. Кыргыз музыкасында жаз жанрын өнүктүрүүгө аракеттер болгон. Айрым чыгармалар да жазылган, бирок алар угармандардын колдоосуна алынбай келүүдө.