ЖООШБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖООШБЕКОВА Айнагүл Рысбаевна (12. 4. 1969-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Большевик айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2013). 1991-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУну, 1998-жылы анын аспирантурасын бүткөн. 2000–01-жылдары мамлекеттик тил жана маданият институтунда кафедра башчысы, 2006-жылы доцент. 2002–15-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда доцент, 2015-жылдан кафедра башчысы, профессордун милдетин аткаруучу. Ал 2 монографиянын, 60тан ашуун илимий макалалардын автору.
Эмгектери: Социально-культурное развитие кыргызов средних городов Кыргызстана (на материалах этносоциологических исследований); Миграционные процессы в среде кыргызов (на материалах этносоциологических исследований); Кыргызстандын тарыхы (байыркы мезгилден азыркы учурга чейин) боюнча ЖОЖдордун студенттери үчүн электрондук окуу-куралына авторлош.