АЧАРПАН, а ч а р п ы н – абхаздардын эки учу ачык үйлөмө элдик музыкалык аспабы. Узунан кармап ойнолот. «Ачарпан» деп аталган өсүмдүктүн сабагынан жасалат. Узундугу 600–700 мм, капталында үчтөн алтыга чейин көзөнөктөрү бар.