ВЕРТИКОВ А. Г.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

1939-жылдан ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашаган. Ал булгаары заводунда иштеген. 1942-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. Ал Алматы ш-ндагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөн, андан кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борб., Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 мм мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыш-тары үчүн болгон салгылашууларда В-дун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава ш-н бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт жана душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо менен 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда В-дун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун жана душмандын 20дай солдаты менен офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени. 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер ш-н алуудагы салгылашууда В-дун түз ок менен атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд ш-нда тосуп алган. 1947-ж. демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта ш-нда, андан кийин Москва р-нунун Полтавка айылында жашаган.