БАКАЕВ Аширбек Бешкемпирович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАКАЕВ Аширбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы) – генерал-майор (2000). СССР ИИМдин Орджоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамлекеттик педагогика инстититунун филология факультетин (1985), КУУнун юридика факультетин (1999) бүтүргөн. Степногорск шаардык аскер бөлүгүндө взвод командири (1970), Алматы облустук аскер бөлүгүндө рота командиринин орун басары (1973), командири (1975), Атырау шаардык аскер бөлүгүндө рота командири (1976), Акмола облустук аскер бөлүгүндө батальон командири (1981), Астана шаардык аскер бөлүгүндө полк командиринин 1-орун басары (1984), Афганистанда революцияны коргоо башкы башкармалыгында аскер кеңешчиси (1987–88), Алматы шаардык аскер бөлүгүндө башкы полктун командиринин 1-орун басары – штаб начальниги (1988), командири (1991), Казакстандын ички аскерлеринин башкы штабынын начальнигинин орун басары (1993), Казакстан Президентинин республикалык гвардиясынын штаб начальниги (1994), КР ИИМдин ички аскерлер командачысынын биринчи орун басары – штаб начальниги (1995), Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында аскер бөлүктөрүндө 3-бригаданын командири (1997), КР ИИМдин ички аскерлер командачысы (1999–2008) болуп иштеген. Орто Азия жана Казакстан офицерлеринин Афганистандагы биримдигинин төрагасы (1987–88); аскердик кеңештин төрагасы (1999–2008); 1999-жылы ал жетектеген ички аскерлердин «Шер» отряды Баткен аймагында эл аралык террористтик топтордон коргоодо ийгиликке жетишкен. 2000, 2005, 2006-жылдары Куралдуу Күчтөр курамында террористтик топторду жок кылуу боюнча согуштук операцияларга катышкан. Алматы шаардык кеңешинин депутаты (1990–93); КР Өк​мөтүнүн Алтын Дипломунун лауреаты (2003). 1-даражадагы «Алтын Жылдыз», «Улуу Пётр», «Александр Невский», 1-2-3-даражадагы «За службу Родине в ВС СССР», «За заслуги перед Отечеством», «Афганская Слава» ордендери жана «Эрдик», эл аралык «Ататюрк» фондунун «Алтын жылдыз» медалдары менен сыйланган.