АПХЕРЦА – абхаздардын эки кылдуу тартма музыкалык аспабы. Тулкусу, моюну, башы бирге жыгачтан чабылат. Арча менен капкакталат. Жалпы узундуту 700–800 мм. Ал элдик ырларды ырдагандарды, бийчилерди коштоого алат.