БАНДЖО
Jump to navigation
Jump to search
БАНДЖО (англисче banjo) – америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Чарасы жаргак менен капкакталган, моюну беренелерге бөлүнгөн. 4-9 кылдуу, плектордун жардамы менен ойнолот. Банджо ар кандай көлөмдө, түрдүүчө күүлөнөт. Банджо түрлөрү укулеля (жалаң 4 кабат кылдуу), банджо мандолина (4 эки кылдуу ), банджо гитара (жалаң 6 кабат кылдуу), банджо тенор (жалаң 4 кабат кылдуу) жана башка түрлөрү бар. XX кылымдан джаз-оркестрлер уюштурулат. Банджо жеке ойноочу жана коштоочу аспап катары пайдаланылат жана ар бири ар кандай күүлөнөт. Мисалы, банджо-мандолина, банджо-гитара кадимки эле мандолина примадай, 6 кылдуу гитарадай күүлөнөт.