БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-жылы 8-декабрда Беловежа токоюндагы (Беларуссия) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында Россиянын жана Украинанын Президенттери Борис Ельцин менен Леонид Кравчук, ошондой эле Беларуссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич тарабынан кол коюлган келишим. Беловежа макулдашуусу СССРдин эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугу жнүндө билдирген жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгү жарыяланган.