ЖАПАРАЛИЕВ Нурлан Тынчтыкбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖАПАРАЛИЕВ  Нурлан Тынчтыкбекович  (1976-жылы туулган , Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (2011). КАЧИни бүтүргөн  (1998). Ветеринариянын эпизоотология, вирусология, биотехнология тармагында жетектөөчү окумуштуу. Илимий ишмердүүлүгү ветеринариялык  биотехнологияда айыл чарба малдарынын ылаң козгоочу вирусуна каршы дарыларды жакшыртуу м-н алардын ылаңын  аныктоо үчүн спецификалык ыкмаларды иштеп чыккан. Койдун жана эчкинин чечекке каршы жергиликтүү штаммын, ИФА жана ПЦР тест-системасын ойлоп тапкан. Республиканын  аймагында катталган вирустардын касиеттерин изилдөө сериялары өткөрүлгөн, биотехнология жана аларды культивирлөөнү жакшыртуу боюнча, анын козгогучтарын аныктоо боюнча тест-системасын, койдун жана эчкинин чечек вирусун бөлүүдө жергиликтүү штаммдарын, койдун жана эчкинин чечек ылаңына  каршы культуралык вакциналарды иштеп чыккан. Бардыгы 95тей илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 15 методикалык сунуштама жана көрсөтмө, 12 ыкма,   8 патенттик инновациялык иштелмелердин автору. КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты     Эм.: Разработка метода ПЦР для выявления оспы овец и коз //Вестник науки Казакского  агротехничнскго университета  С. Сейфулина. Астана, 2009. -№ 4– С. 202-207.  ( в соавторстве).