ЖУНУШАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖУНУШАЛИЕВ Кашкар Астаканович (8. 4. 1961-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Арчалы айылы) – милициянын генерал-майору. СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын орто мектебин (1986), КМУУну (1999) бүтүргөн. 1981–84-жылдарда Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмчөсүндө милиционер, суу менен камсыздоочу булактарды кайтаруу боюнча өзүнчө батальондун милиционери, 1986–93-жылдарда Фрунзе шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө медициналык соолуктуруучу жайынын инспектору, милициянын участкалык инспектору, улук участкалык инспектор, нөөмөт бөлүмүнүн оперативдүү нөөмөтчүсү, коомдук тартипти сактоонун күзөт бөлүмчөсүндө начальниктин орун басары, начальниги, 1993–98-жылдарда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө коомдук тартипти сактоонун күзөт бөлүмчөсүндө начальниктин орун басары, 1998–2003-жылдарда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүндө коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн начальниги, 2003–07-жылдарда Ысык-Көл облусунун, 2007–08-жылдарда Чүй облусунун, 2008–09-жылдарда Баткен облусунун ички иштер башкармалыктарында начальниктин орун басары, 2009–10-жылдарда КР ИИМде ККББнын начальниги, 2010-жылы КР ИИМде министрдин орун басарынын милдетин аткаруучу, 2010–14-жылдарда министрдин орун басары, 2014-жылдан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги. Медалдар менен сыйланган.