ДАВЛЕТОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДАВЛЕТОВ Айбек Абубакирович (5. 17. 1961-жылы туулган, Ленинград шаары, Россия) – юрист, юридикалык илимдердин доктору (2011). 1986-жылы КМУну бүткөн. 1978–79-жылдары КР Юстиция министрлигинин АГС башкармалыгында архивчи, 1979-жылдан инспектор, 1986–90-жылдары Кыргыз илимдер Академиясында философия жана укук институтунун аспиранты, кызматкери, 1990–91-жылдары эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин улук юрисконсультанты, 1991–92-жылдары «Чакан бизнести камсыздандыруу жана финансылык колдоо фонду» АКнын директорлор кеңешинин юридикалык кеңешчиси, 1992–95-жылдары "ASDA" юридикалык компаниясынын Президенти, 1995–96-жылдары «Кыргызстан» АКБнын укуктук камсыздоо жана коопсуздук башкармалыгында укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, 1996–2003-жылдары КРдин Жогорку Арбитраждык сотунда төраганын 1-орун басары. судья, 2003–09-жылдары КРдин Жогорку сотунда төраганын 1-орун басары, 2010-жылы ЮСАИДдин сот реформасына көмөктөшүү компонентинин лидери, 2010–17-жылдары IDLO эл аралык өнүктүрүү укугу уюмунун сот реформасы боюнча улук кеңешчиси, аймактык директордун орун басары, улук юридикалык кеңешчиси, 2017–22-жылдары КР Жогорку сотунун судьясы - административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиянын мүчөсү, 2022-жылдан КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары. КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.