ЖУНУСОВА Гүлнар Султановна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖУНУСОВА Гүлнар Султановна  /1966-жылы туулган , Ысык-Көл облусу, Балыкчы  (Рыбачье) шаары/ –  медицина илимдеринин доктору (2015).  И. К. Ахунбаев атындагы  КММИни бүтүргөн (1989).  Эмгек жолун КР УИАнын Тоо физиологиясы институтунда  стажер-изилдөөчү болуп баштаган. Ошол эле жерде аспирант, кенже илимий,  улук  илимий кызматкер, окумуштуу катчы, лаборатория башчысы, директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген.  Бардыгы 106 илимий эмгектери, анын ичинде  1 монография, 3 автордук күбөлүгү жарык көргөн. Эмг.: Компенсаторные взаимоотношения эндокринных систем у жителей высокогорья Тянь-Шаня // Медицинский академический  журнал. –Вып. 3. – Т.16.– С.  90-97. (в соавт.)