«ВАРШАВЯНКА»
Jump to navigation
Jump to search
«ВАРШАВЯНКА» – поляктардын жана орустардын революциялык ыры. Биринчи жолу 1883-жылы поляк тилинде В. Свенцицкийдин текстинде, 1897-жылдан Г. Кржижановскийдин сөзүндө ырдалган. XIX кылымдын ортосунда поляк эмигранттары Парижде «Зуавдардын маршы» деген атта ырдап чыгышкан.