АСАНАЛИЕВ Эрнис Умбарович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Эрнис Умбарович (1973-жыл, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Өлөң айылы) – дирижёр, солист, концертмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2003). Эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти.

Сүрөтү.jpg

1991-жылы республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатты бүтөрү менен Алматы мамлекеттик Курмангазы атындагы консерваториянын профессору Д. Касеиновдун скрипка классына өтөт. Эрнис Асаналиев Германиянын Байройт шаарында өткөн эл аралык Рихард Вагнер фестивалында Бүткүл дүйнөлүк жаштар симфониялык оркестринин концертмейстери болуп шайланып, Казакстандын «Солисттер академиясынын» мамлекеттик камералык оркестринин курамында Америка Кошмо Штаттарында концерттик гастролдо болгон. 1996–1998-жылдары музыкант Москва шаарына көчүп келип, Москва мамлекеттик П. Чайковский атындагыгы консерваториянын аспирантурасында профессор А. Мусаходжаеванын классында чеберчилигин жогорулатат. Окууну аяктагандан көп өтпөй Кыргыз улуттук консерваториясында мугалимдик ишмердигин баштайт. Бүгүнкү күндө доцент Эрнис Асаналиевдин студенттеринин арасында республикалык сынактардын лауреаттары жана дипломанттары бар.

Эрнис Асаналиев иши абдан ийгиликтүү болсо да, чыгармачылык ишмердиктин алкагында дагы өсүү керек экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан ал дирижерлукка кызыгып, Кыргыз улуттук консерваториясынан экинчи жогорку билим алган. 2000-жылы жаш таланттуу музыканттардын тобун чогултуп, «Манас» камералык оркестрин уюштурган, 2001-жылы ал Президенттик статуска ээ болгон. Азыр оркестр жаркыраган артисттик чеберчилиги, кеңири репертуары, камералык музыканын классикалык жана заманбап шедеврлеринин стилдүү интерпретациялоосу менен айырмаланган өлкөнүн алдыңкы камералык ансамбли болуп саналат.

Эл артисттери.jpg

1998-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында педагог болуп иштейт.

1999-жылы Стамбул консерваториясынын профессор С. Акчилдин башкаруусунда «Үч деңиздин добушу» аттуу симфониялык оркестр менен биргелешип, Түркия, Греция, Кипр, Япония, Борбордук Азия, Кавказда, Кыргызстандын аймактарында жана Москвада концерт берген.

Дирижёр.jpg

2010-жылы Эрнис Асаналиев А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин экинчи дирижеру болуп иштеген..

Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өткөн эл аралык конкурстун лауреаты, Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» аттуу программанын стипендиаты, «Алтын шаты», «Дилгир» конкурстарынын, фестивалдарынын, эл аралык «Мэзрим» кайрымдуулук фондунун лауреаты.

2023-жылы Э. Асаналиевдин жетекчилиги менен жаңы «Ойно» оркестри түзүлдү.