ГОМОФОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ГОМОФОНИЯ (грекче homos – жалгыз, phonos – добуш) – чыгарманын башкы бир обону басымдуулук кылып, калгандардын үндөрү (добуштары) коштоочулук милдетти аткарган көп үндүүлүктүн бир түрү. Ал башка жана коштоочу деп бөлүнөт. Гомофония маанайындагы, түзүлүштөгү чыгармалардын обону негизинен музыкалык образдын мазмунун коштоону (аккомпанемент) тереңдетип, анын көркөмдүүлүгүн айкындайт. Гомофониялык маңыздагы чыгармалар полифонияга – көп үндүүлүккө карама-каршы келет. Алгачкы жолу «гомофония» деген түшүнүк байыркы Грецияда пайда болгон. Эки же андан көп адамдар кошулуп ырдаган же аспаптык ансамблде унисонго ойногон чыгармалар да гомофония деп аталган. Унисондук гомофония дүйнө эдлеринин көптөгөн эл чыгармаларында бар. Кыргыздын эл ырларында гомофония жанры өнүккөн. Гомофония XVII–XIX кылымдарда жаңы музыкалык жанрларга (опера, оратория, кантата), коштолуп аткарылуучу жеке ырларда жана аспаптык профессионалдык музыкада өнүккөн.