БЛИЦКРИГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БЛИЦКРИГ (нем. чагылгандай тез согуш) – кыска мөөнөттүү согуштун теориясы. 20-кылымдын башында Альфред фон Шлиффен тарабынан түзүлгөн. Заманбап Блицкриг авиациянын колдоосундагы танк бирикмелеринен турат. Биринчи жолу Блицкригди иш жүзүндө Германиянын аскер стратегдери (Манштейн, Клейст, Гудериан ж. б.) ийгиликтүү ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Польшаны басып алууда колдонулган. Франциядагы Блицкриг компаниясы 44 күнгө созулган: 1940-жылдын 10-майынан 22-июнуна чейин, ал эми Польшада 36 күн: 1939-жылдын 1-сентябрынан 5-октябрына чейин. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында Бликриг стратегиясы фашисттик Германия менен анын союздаштарына 100–300 км чыгышка жылып, советтик чек ара аскерлерин тез арада жеңүүгө мүмкүндүк берген. Ошого карабастан, СССРдин эбегейсиз зор аймактары Кызыл Армияга маневр жасоого жана кургактыктагы ири аймактарга чегинүүгө мүмкүндүк берип, Чыгыш фронтундагы Блицкриг стратегиясынын ийгиликсиздигине алып келди.