ВЬЕТНАМ мамлекетин кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

1970-жылдардын аягынан баштап вьетнам-кытай мамилелери курчуган. 1978-жылы жайында Пекин Вьетнамга экономикалык жардамын токтотуп, Вьетнамдагы кытайлык адистерди чакыртып алган. 1978-жылдын декабрь айында Кытай өз аймагы аркылуу Вьетнамга жана Вьетнамдан темир жол аркылуу жүк ташууга тыюу салган. 1979-жылы Кытай ВСРге кол салып, Лангшон жана Каобанг сыяктуу ири шаарларын, чек ара уезддерин басып алган. Совет өкмөтү ВСРге чечкиндүү жардам көрсөткөн жана 1979-жылы 18-февралда ВСРдин аймагынан Кытай аскерлеринин токтоосуз чыгып кетишин талап кылган билдирүү жасаган. Натыйжада 1979-жылы 5-мартта Кытай ВСР аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок, чыр-чатак туудурган Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар (Парасель жана Спратли) чечилбеген бойдон калган, аларды эки өлкө тең өзүбүздүн аймак деп эсептешет. 1991-жылы ноябрда Вьетнам КП БКнын Генералдык секретары До Мыой Кытайга тарыхый сапар менен барып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер нормалдаштырылган. Бул соода-экономикалык байланыштардын тез өнүгүшүнө шарт түзгөн. 1990-жылдан ВСР менен АКШнын ортосундагы мамилелер жакшырган: 2000-жылы июлда эки тараптуу соода келишимине кол коюлган (2001-жылдын декабрь айында күчүнө кирген), ошол эле жылдын ноябрь айында АКШ президенти Уильям Клинтон биринчи жолу СРВга барган. 2016-жылы АКШ президенти Барак Обама Вьетнамга курал жеткирүүгө Американын эмбаргосу алынып салынгандыгын билдирген. 1995-жылы Вьетнам Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН), ал эми 2007-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулган.