Жусубалиев

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖУСУБАЛИЕВ Бактыбек Бейшеналиевич (1963-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – милициянын генерал-майору (2014). СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын орто мектебин (1987), СССР ИИМдин Караганды Жогорку мектебин (1991) бүтүргөн. 1987–89-жылдарда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык инспектор, 1989–91-жылдарда кылмыш издөө тобунда улук ыкчам өкүл, 1991–92-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1992–94-жылдарда өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүл, 1994-жылы Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1994–97-жылдарда Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1997–2001-жылдарда Кочкор, 2001–02-жылдарда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 2002–03-жылдарда КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, 2003–05-жылдарда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн начальниги, 2005-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2005–06-жылдарда КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2007–10-жылдарда КР ИИМдин ЭММККСтин начальниги, Тогузунчу башкы башкармалыгынын начальниги, КР Улуттук коопсуздук башкы кызматынын укук коргоо системасынын контр чалгындоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу, 2010–12-жылдарда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2012-жылы КР ички иштер министринин биринчи орун басары, 2013-жылдан Жети-Өгүз районунун коменданты болуп иштеген. КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары жана 2-даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган.