ВЕНГРИЯНЫН тарыхына кошумча.
2002-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Венгрия Социалисттик партиясы (MСП) менен Эркин демократтар союзунун коалициясы бийликке келип, МСПтин лидери П. Медьеши премьер-министр болгон. Анын өкмөтү мамлекеттик сектордо эмгек акы ж. б. социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу саясатын жүргүзгөн, бул экономикалык кырдаалдын начарлашына алып келип, өлкөнүн тышкы карызынын кескин өсүшүн шарттаган. 2004-ж. Медьеши кызматтан кетип, ордун Ф. Дьюрчань ээлеген. Экономикалык кризистен чыгуу үчүн Ф. Дьюрчандын өкмөтү чыгымдарды кыскартып жана салыктарды көбөйтүүгө аргасыз болгон. Өлкөдөгү кырдаалды 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризис жана оппозициялык ФИДЕС партиясы демилгелеген мамлекеттик университетттер менен саламаттыкты сактоо тутумундагы акыларды жоюу жөнүндө референдум (2008-жылдын 9-мартында) курчуткан. 2009-жылы Ф. Дьюрчань кызматтан кетип, анын ордуна Д. Байнай дайындалган. 2010-жылдын апрелиндеги парламенттик шайлоо Венгриянын саясий чөйрөсүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. 262 парламенттик мандатка ээ болгон «Фидес—ХДНП» оңчул коалициясы жеңишке жетишти. «Фидес» өкүлү Пал Шмит Венгриянын президенттигине, Виктор Орбан премьер-министрликке шайланды. 2012-жылы өлкөдө жаңы конституция кабыл алынган. “Венгрия Республикасы” расмий түрдө “Венгрия” деп аталган. Жаңы конституцияда христиан дининин өлкөнүн турмушундагы өзгөчө ролу баса белгиленип, нике «эркек менен аялдын биримдиги» катары каралган. Президент Пал Шмитт кызматтан кетип, Янош Адер жаңы президент болуп шайланган. Анын талапкерлигин башкаруучу коалициянын парламенттик көпчүлүгү колдоп, ал добуштардын үчтөн экисине ээ болгон. 2013-жылдын март айында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр киргизилип, Конституциялык соттун ыйгарым укуктары чектелген. Өнөр жайды жана ишкердикти колдоо чараларынын аркасында В.Орбандын өкмөтү жумушсуздукту азайтып, ИДПнын өсүшүнө жетише алды (2014-жылы 3,5%, ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч). Ошол эле учурда тышкы мамлекеттик карыздын өсүшү уланып, Венгриянын кредиттик рейтингинин төмөндөшүнө алып келген. Кирешелердин теңсиздиги жана жакырлардын саны өскөн.