ДЖАФНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДЖАФНА – тарыхый облус. Шри-Ланка аралынын түндүгүндөгү Джафна жарым аралында жайгашкан. Байыркы убакта жана орто кылымдарда Джафнаны тынчтык менен басып алуу максатында Түштүк Индиядан мигранттардын толкуну келген. 13-кылымда Ариа Чакраварти династиясынын тушунда Джафна аймагында Тамил мамлекети түзүлүп, 16-кылымдын башына чейин Сингал мамлекети менен күрөш жүргүзгөн. Дафна күчтүү коңшулары – Пандьев мамлекетине, андан кийин Виджаянагар империясына көз каранды болгон. 1505-жылы Джафнага португалдыктар келе баштаган. 1542-жылы Джафна Португалияга вассалдык көз каранды, 1591-жылы анын протектораты, 1620-жылы колониясына айланган. 1658-жылы ал Нидерланд Ост-Индия компаниясынын көзөмөлүнө өткөн. 1796-жылы Британдык Ост-Индия компаниясынын карамагында турган аймактардын курамына кирген. 1800-жылдан Джафна британдык Цейлон колониясынын бир бөлүгү. 1948-жылы тамила калкы менен бирге Джафна Түндүк провинциянын карамагына өткөн. Джафна сингал-тамиль конфлигинин курчушуна маанилүү роль ойногон, тамил азчылыгынын укуктары үчүн күрөшүү борборуна айланып, Шри-Ланканын түндүк жана түндүк-чыгышындагы Тамил аймактарына автономия берүүнү, экинчиси Шри-Ланкадан бөлүнүп, көз карандысыз Тамил мамлекетин түзүүнү талап кылган.