ДАУЛПАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДАУЛПАЗ, дабыл – казактардын эң байыркы урма музыкалык аспабы. Кыргыздарга добулбас, өзбектерге чиндаул, азербайжандарга награ, нагора, грузиндерге доли, армяндарга доол же дохор, молдавандыктарга тумбелик деген аталыштарда жана түрк тилдүү элдердин арасына да кеңири тараган. Даулпаз, цилиндр кейпинде, үстү төөнүн жаргагы менен капталат. Ал негизинен ат үстүндө ээрдин кашына илип коюп кагылган. Даулпаз улуу жеңиштерди салтанаттаганда, чоң салгылаштарга кирип баратканда, аңчылык уулоодо ойнолгон. Советтер доорунда даулпаз өркүндөтүлүп, Курмангазы атындагы казак эл аспаптар оркестринде колдонулган.