ДАЛМА́ЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

– Хорватия аймагындагы Адриатика деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан тарыхый облус. Далмация жерин байыртадан эле иллирий уруулары – далматтар, либурндар, о. эле фракийлер жана кельттер мекендеген. Б. з. ч. IV к-да Дальмация жээгинде грек колониялары негизделген. Б. з. ч. 229-ж. римдиктердин чабуулу башталган (б. з. ч. 229–228 жана 219-ж. Иллирий согуштары). Б. з. ч. II–I к-дарда Октавиан заманына чейин жергиликтүү калк римдиктерге каршы бир нече жолу козголоң чыгарышкан. Далмация басып алынып, Иллирик провинциясына кошулган (б. з. ч. 34–33). Б. з. ч. 6–9-ж. Тиберий Далмациядагы көтөрүлүштү баскан соң, эки иллирий провинциясы (Далмация жана Паннония) түзүлгөн. Диоклетиан Далмациянын түштүк бөлүгүн Преввалитана провинциясы катары Скодра (Албаниядагы азыркы Шкодер) менен бөлүп койгон. Римдиктер Далмацияга ардагерлер үчүн аскердик лагерлерди жана конуштарды уюштурушкан. Провинциянын борбору Салон шаары болгон. VI к-дан Далмация Византия бийлигине баш ийген. VI–VII к-дарда аймакты хорваттар жана сербдер ээлеген (түштүктө). IX к-да Далмация шаарлары Хорватия мамлекетинин курамына кирип, XII к-дын башында Венгриянын бийлигине өткөн. 1420–1797-ж. Далмация (Дубровниктен башка) Венециянын бийлиги астында болгондуктан, алар жергиликтүү соодагерлерди кооптуу атаандаш катары көрүп, Далмация шаарларынын тышкы соодасына чектөөлөрдү киргизген жана аларды толук экономикалык жактан көз каранды кылууга аракет жасаган. Шаар жамааттарынын башчыларын дайындап, Адриатикада өздөрүнүн соода монополиясын орнотууга умтулган. Венеция өкмөтү Далмациядан импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды катуу көзөмөлгө алып, бажы төлөмдөрүн орнотуп, бааларды өз кызыкчылыктары үчүн жөнгө салууга аракет кылган. Мындан тышкары Далмация шаарлары Венеция менен касташкан өлкөлөргө соодасын токтотууга милдеттүү болушкан. XVI к-да Далмациянын ички облустарын Осмон империясы басып алган. Кампо-Формий тынчтык келишимине ылайык (1797) Далмация Австрияга өткөрүлүп берилген жана 1918-ж. чейин анын бийлиги астында болгон (1809–13-ж. Далмацияны Наполеон басып алган соң, Франция империясынын Иллирий провинциясынын курамына кирген). 1815-жылдан Далмация Австрия империясынын курамына кошулуп, Далмация королдугу түзүлгөн. 1918-ж. Австрия-Венгрия кулагандан кийин Далмация Сербдер, хорваттар жана словендер королдугунун (1929-жылдан Югославия королдугунун) курамына кирет. 1941–44-ж. Далмацияны Италия басып алып, "итальяндаштыруу" саясатын жүргүзгөн. Славян мектептери жабылып, славян тилдериндеги адабияттарга тыюу салынган. Кийинчерээк, бул жаңжалдарга алып келип, италиялыктар Далмациядан жана коңшу аймактардан чыгарылган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Далмация Югославия Социалисттик республикасынын курамына кирип, бир бөлүгү Хорватия республикасына караган. 1991-жылдан Хорватия республикасынын курамында.