БИОГАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БИОГАЗ   ( био...ж-а газ) – микроорганизмдердин органикалык заттарынын анаэробдук ажыроосунун  натыйжасында пайда болгон  газдардын аралашмасы.  Ошондой эле, саздын   акпай турган   суусунун  астынан бөлүнгөн газ да  биогаз деп   аталат. 1776-ж.   англиялык окумуштуу  А. Вольт  саз газынан     метанды тапкан, ошондуктан биогаз пайда болуу  процесси  метандык ачуу же метаногенез  деп аталат. Биогаз алгач Лондондо көчөнү   жарык кылуу үчүн  пайдаланылган. Биогаздын курамынын 60-65% метан  ж-а 25-30% көмүртек   диоксиди, ошондй эле суутек,  көмүртек  оксиди, азот, кычкылтек, күкүрттүү  суутектен турат.  Биогаздын  күйүү жылуулугу  21-34 МДж\м3.  Метандын  ачуу  процесси:  субстраттардын (  целлюлоза, крахмал, белоктор ж.б-дын)   ээрүү ж-а деполимерленүү; субстраттардын төмөнкү молекулалуу май кислотасына  (ацетогенез)  ж-а эриткичтер–этанол,  пропанол, бутанол, ацетонго айлануусу (сольватогенез);  ацетат-иондун декарбоксилденүү ж-а көмүртек  диоксидинин   метанды пайда кылуу м-н   калыбына келүүсү  (метаногенез)     жүрөт. Ацетогенез   ж-а солватогенез  бактериялардын,  метаногенез архидеялардын жардамы м-н жүрөт. Ачуу   30-400Сде  мезофилдик ж-а 50-700 Сде термофилдик микроорганзмдердин ассоциациясы  м-н  ишке ашырылат. Көмүртек субстарттарынын метанга айлануусу (конверсиясы) 30-35%ти түзөт. Ачуудан кийинки катуу калдык (8–10%) жакшы азот жер семирткичи катары пайдаланылат. Метантенк деп аталган  аппарат метандык ачууну ишке ашырат.  Эӊ жөнөкөй, 3-10 м3  көлөмдүү метантенк бетон чан деп аталат. Б. – альтернативдик, экологиялык жактан таза  болгондуктан   жылуулук электр станциясында, транспортто ж. б.;   ошондой эле химитялык өнөр жайда  сырье катары пайдаланылат. (китептеги макала алмашат).