ВИЛЛАНЕЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ВИЛЛАНЕЛЛА (италянча villanelle – айыл ыры) – XV–XVI кылымдарда италиялыктардын арасына кеңири тараган көп үндүү ыр. Ал жандуу мүнөзү, образдарынын ачыктыгы – лирикалуулугу, куйкумдуулугу менен айырмаланган. Вилланелла ырларына ар кандай мезгилдерде көптөгөн музыканттар, композиторлор кайрылышкан.