ЖАКЫПБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖАКЫПБЕКОВ Жаныбек (1946-жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2013), профессор. 1974-жылы КМУну бүткөн соң, аталган окуу жайында окутуучу, кафедра башчысы. XIX–XX кылымдардын башындагы Кыргызстандын тарыхы жана тарыхнаамасы (историография) боюнча адис. Анын изилдөөлөрү Кыргызстандын Орусияга каратылышынан кийинки мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылдын тарыхнаамасына арналган. Ал 120дан ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, бир нече окуу колдонмолор) автору.

Эмг.: Историография проблем истории Кыргызстана второй половины XIX - нач. XX вв. (опыт, перспективы изучения). – Б., 2013; Проблемы советской историографии восстания 1916 г. в 20-30-х гг. ХХ в. // Россия – Кыргызстан: на пути интеграции. – М., 2010 – № 2.