БОЛГАРИЯНЫН тарыхына кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

коомдо жана мамлекетте лидерлик позицияны ээлеп келген БКП бийликтен кетет (1990). 1990-ж. президенттик башкаруу институту киргизилет (1-президент П. Младенов 1990-жылдын апрель-июль айларында). 1991-жылдын июль айында жаңы конституция кабыл алынып, өлкө Больгария республикасы деп аталган. Больгария унитардык, демократиялык жана укуктук мамлекет деп жарыяланган. Өлкө пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн. 1990-жылдары Демократиялык күчтөрдүн биримдиги (1989) жана Болгария Социалисттик партиясы (1990) түзүлгөн. Мындан сырткары Укук жана эркиндик үчүн кыймыл, Болгария социал-демократиялык партиясы, «Улуттук кыймыл Симеон II» (мурдагы падыша Симеон II 2001–05-жылдары премьер-министр болгон) ж. б. партиялар жана кыймылдар өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышкан. Больгариянын жетекчилиги европалык саясий жана экономикалык түзүмдөрүнө өлкөнүн терең интеграцияланышын өзүнүн биринчи кезектеги милдети деп эсептейт. 2005-жылдан өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтерге (ИДПнын көбөйүшү, мамлекеттик карыздын азайышы ж. б.) карабастан, өлкөдө чуулгандуу коррупциялык жаңжалдар, энергетика тармагындагы көйгөйлөр (электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү) ж. б. массалык толкундоолор болуп турган. Мындай экономикалык акциялар бүткүл саясий системага каршы нааразычылыкка айланып, бир нече жолу өкмөттүн алмашылышы менен коштолгон. Өлкөнүн президенттери: 1990-жылдын апрель-июль айларында П. Младенов, 1990–97-ж. Ж. Желев, 1997–2002-ж. П. Стоянов, 2002–12-ж. Г. Парванов, 2012–16-ж. Р. Плевнелиев, 2016-жылдан Р. Радев. 2004-ж. Больгария НАТОго, 2007-ж. Евросоюзга кирген.