ГАМБАНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ГАМБАНГ (gambang) – индонезиялыктардын салмактуу урма музыкалык аспабы. Жыгачтан же темирден жасалат. Добуш эки таякчаны ургулоодон алынат. Гамбанг темирден жасалган жука пластинкалардын курандыларынан турат. Ал болсо гамбанг – ганза, ал эми жыгачтан жасалса – кайю деп аталат. Гамбанг Индонезиянын улуттук оркестри – гамеланга колдонулат.