БОТСВАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

. Биринчи жалпы шайлоодо Ботсвана демократиялык партиясы (БДП) жеңип чыгып, анын лидери Кхама IIIнүн небереси Серетсе Кхама Ботсвананын биринчи президенти болгон. Ал коңшулаш Түштүк Родезия, Намибия жана Түштүк Африкадагы расисттик режимдерге каршы күрөшкө байланыштуу окуяларга катышкан. 1970–80-ж. анын аймагы саясий эмигранттар үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган. Ботсвананын чек ара аймактары жана анын борбору Габорон түштүк африкалык «коммандосторунун» бир нече жолку кол салууларына дуушар болушкан. 1994-ж. Түштүк Африка Республикасында (ТАР) апартеид режими кулагандан кийин гана тышкы коркунуч жоюлган. Ботсвана – Африкадагы Конституцияда белгиленген демократиялык институттар, анын ичинде парламенттик башкаруу, саясий эркиндиктер жана басма сөз эркиндиги сакталып калган жалгыз өлкө. Бийликти өткөрүп берүү конституциялык жол менен жүзөгө ашырылат. Өлкөдөгү ички саясий туруктуулук Ботсвананын кедей өлкөдөн демократиялык жана тездик менен өнүгүп келе жаткан мамлекетке айланышына өбөлгө түзгөн. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бардык парламенттик шайлоолордо Ботсвана демократиялык партиясы (БДП) жеңишке жетишип, анын лидери Фестус Могаэ өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2004-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча оппозиция парламентте Улуттук фронт партиясы тарабынан көрсөтүлгөн.