АК-КОЧКОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-КОЧКОР – Ысык‑Көл облусунун Жети‑Өгүз районундагы кыштак. Жети‑Өгүз айыл аймагына ка­раштуу. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыштагынан 25 км түштүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. 1910‑жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1733 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1266 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.